super.kg logo

Таиландда колдонулган бет каптарды жаңы бет кап катары сатышкан

 

Таиланддын укук коргоо органдары тарабынан колдонулган бет каптарды жаңы бет кап катары сатып жаткан фабрика аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Сарабури Сомсак Кэусенанын жергиликтүү маалымат каражаттарына берген билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Ага ылайык, укук коргоо органдарына жергиликтүү фабрикалардын бири мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында колдонулган бет каптарды иргеп, жаңы бет кап катары кайрадан сатыкка чыгарып жаткан фабриканын 6 кызматкери кармалган. Алар колдонулган бет каптарды алгач иргеп алган соң үтүктөп, жаңы бет кап катары сатып жатышкан.

Кылмышкерлер күнүнө 400 даана бет кап иштеп чыгырып турушкан. Ар бир бет кап үчүн 1 бат (2 сом 21 тыйын) алышкандыгы белгилүү болгон. Полиция кызматкерлери фабрикадагы бардык бет каптарды атайын экспертизага жиберишкендиги айтылат. Учурда фабриканын ишмердүүлүгү токтотулуп, кылмышкерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Таиландда 1 айда 30 миллион даана бет кап чыгарылат. Дүйнөнүн туш тарабына тарап жаткан коронавирустан улам Таиландда бет капка болгон муктаждык 30 миллион даанадан 40-50 миллионго өскөн (1 айга). Таиландда коронавируска 43 адам кабылып, 31 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: