Бразилиялык футболчу Винисиус Жуниор Лионель Мессинин рекордун жаңылады




Кечээ, 2-мартта Испания чемпиондугунун 26-турунун алкагында мадриддик "Реал" клубу менен каталондук "Барселона" клубу кез келген. Бул оюнда бразилиялык жаш футболчу Винисиус Жуниор гол жаратып, "Эль Класико" беттешиндеги Лионель Мессинин рекордун жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Винисиус Жуниор бул "Эль Класико" беттешинде негизги курамда оюнга чыгып, оюндун 71-мүнөтүндө эсеп санын ачкан. Бул көрсөткүчү менен бразилиялык футболчу "Эль Класико" беттешиндеги эң жаш гол киргизген оюнчу болуп (19 жаш 233 күн, Мессиники 19 жаш 259 күн) рекорд жаңылады.
Бул беттеш 2:0 эсебинде "Реал Мадрид" командасынын жеңиши менен аяктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Store

03.03.2020. 20:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Буйруса муну Фати жаңылайт эгер күзүндөгү класикого стратовыйдан чыкса!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.