super.kg logo
  Саясат  

Коронавирус боюнча республикалык штаб социалдык тармактарда тараган маалыматтар тууралуу билдирүү жасады

 

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб социалдык тармактарда тараган маалыматтарга карата билдирүү жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Такталган фактыларсыз коронавирус чыккандыгы тууралуу билдирүү жасоо айрым жарандардын жоопкерчиликсиздигин күбөлөндүрөт. Өкмөт бардык зарыл чараларды көрүүдө, бүгүнкү күнү республикада коронавируска кабылгандар жок.

Айрым жарандарды өлкөдө коронавирус бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элдин тынчын албоого чакырабыз. Мындай имиштерди жайылтуу дүрбөлөңгө түшүрүп, ишканалардын, коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратат. Бардык жарандарга кандайдыр бир суроолор келип чыккан шартта Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылууну сунуштайбыз.

Медициналык кызматкерлер, чек арачылар жана башка кызматтардын кызматкерлери ар бирибиздин коопсуздугубузду камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатышат.

Биз бардык жарандарды жоопкерчиликтүү мамиле жасап, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: