Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен 76 жаштагы улгайган аял каза болду
Бишкектин Лев Толстой жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө адамды сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Кырсык бүгүн, 4-мартта саат 07:30 чамасында катталды.
Патрулдук милициянын басма сөз катчысы кабарлагандай, айдоочу 1976-жылы туулган А.М. болгон. Ал Ниссан унаасы менен батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1943-жылы туулган К.Б. аттуу аял каза болду.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп, жабырлануучу каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.