super.kg logo

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары: "Мугалимдердин мурда айлыктары аз болгондуктан, пенсиясы аз чыгып жатат"

 

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева мугалимдердин пенсиясынын аздыгы боюнча маселе көтөрдү.

"Эл менен жолукканда бизге көбүнчө мугалимдер кайрылышат. "Эмне себептен биз 30-40 жыл иштегенден кийин пенсияга чыкканда 2000-3000 сом алабыз?" деп сурашат. Дагы бир жолу айтып коёсуздарбы пенсия чегерүү кандай форматта жүрөт?", - деп сурады депутат.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов азыркы мыйзам боюнча пенсияга канча камсыздандыруу төгүм төлөсө, ошончо чыга турганын айтты. "Мугалимдердин мурда айлыктары аз болгондуктан, пенсиясы аз чыгып жатат. Азыр айлыктары көтөрүлдү, эми жакшы пенсияга чыгат. Акырындык менен бул маселе жоюлуп жатат", - деди Нурдинов.

Касымалиева алдыда мугалимдердин пенсиясын жакшыртуу планы барбы деп сурады.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басарынын айтымында, андай план жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.03.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда мугалимдер бааланбайт хоть 30 жыл иштеп пенсияга чыксан ошондой эле омур бою мамлекеттик кызматта иштебеген чабан менен бирдей пенсия аласын.
Бул система элдин пайдасына иштебейт.
Зарплатаны котордук деп жатышат которулду бир аз бирок кайра бир жагынан жумуш орундарын сокращение кылып бир тобун жумушсуз калтырышты. Анан ойлонуп корсон кандай толку бар ?
gute түзөттү 2020-03-04 12:23:35
04.03.2020. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок ошол убакта сомдун кучу чон болчуда ошону эске алыш керекда.
04.03.2020. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран элим. Кор болгон. Факты жок жаман кыйналдынар
04.03.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Союз тарагандан баштап мугалимдерди эч ким карабай койгон. Анан эле шайлоодо тигини жаз, муну жаз,үгүттө, же бир кошумча акча берсечи. Караап көрсөң бечара мугалим иштен келип дале түн бир оокумга чейин дептер текшермей,план конспект, деги койчу булар чарчабайт го чамасы. Айта берсе арман көп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: