super.kg logo
  Саясат  

Депутат камсыздандыруу төгүмдөрдү чогултуу функциясы Социалдык фонддо калышы керектигин айтты

 

Депутат Улугбек Ормонов камсыздандыруу төгүмдөрдү чогултуу функциясы Социалдык фонддо калышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрдү чогултуу функциясын Мамлекеттик салык кызматына берүү боюнча реформа өзүн актабайт.

Ал эми Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов камсыздандыруу төлөмдөрүн топтоо милдети Салык кызматына өткөндүгүнө байланыштуу Социалдык фонддун 240 кызматкери ошол кызматка убактылуу жөнөтүлгөнүн билдирди. “Өткөн жылы Салык кызматы алардын арасында ачык сынак жарыялап, анын жыйынтыгында 84 кызматкерди өздөрүнө алып калды. Ал эми Социалдык фонд дагы 150 кызмат ордун кыскартканы турат”, - деди Нурдинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: