super.kg logo

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Шектүүлөр камактан чыкты деген маалымат чындыкка дал келбейт

 

"Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милициялардын колдоосу менен камактан чыгыптыр" деген билдирүү бүгүн, 4-мартта социалдык тармактарга тарады. Интернет колдонуучулар билдирүүнүн алдына "эмнеге коё берип жиберишет" деген суроолорун жаадырып, талкууга алышты.

Бул боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, маалымат чындыкка дал келбейт дешти. "Шектүүлөр дагы деле камакта, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат" деди мекеменин басма сөз катчысы.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрда Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.

14-февралда Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү 31-мартка чейин узартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
04.03.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды эркиндикке чыгарбаш керек. Чыкса дагы канчалаган байкуштарды тепселейт.
04.03.2020. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атамбаевдин торпедалары булар.
04.03.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
robot111,тантыбай тактап жазчы.Атамбаевдин эмне тиешеси бар?
04.03.2020. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул акмак келесоолор жооп бериши керек. БАйкуш бироонун баласын, бироонун атасын бироонун бир тууганын майып кылып коюшту...
04.03.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, маалымат чындыкка дал келбейт дешти. "Шектүүлөр дагы деле камакта, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат" деди мекеменин басма сөз катчысы
04.03.2020. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акча берсен азыр сенин башын тигинин бутуна тийип кетип мурдун менен муштумун сузуп алыпсын деп жыйынтык чыгарып койгон заман.Сыйлап коюшса керек да.
04.03.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр бийликке ишенбегиле тар заман болуп калды акчанын заманы болуп калды
04.03.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вообще чыгарбаш керек
04.03.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимде ким коруп калса буларды суротко тартып калыш керек, мумкун чын эле чыгарып жиберишкендир, ишенчилик жок.
04.03.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Сотко чейинки өндүрүш улантылып жатат" вай блииин эзилгендер, дагы кайсы өндүрүш калды? Алты айдан бери териштирип бүтө албайсыңар, как будьто кылмышкердин иши жашыруун болгонсуп. Баары далилдер менен ачык-айкын болуп туратко, дагы эмнени күтөсүңөр? Же үч жылга кесип туруп СИЗО догу мөөнөтү бир күнү үч күнгө жүрөт деп туруп күзүндө чыгарып ийесиңерби ахмактар!
04.03.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарып ийгени деле чын болсо керек. Эмнени тейгейт эле эми. Жабырлануучулар турат, видео доказательство турат. Убакытты созуп унуткарып туруп ишти жаап салышат да. Карга карганын көзүн чукубайт болуп
04.03.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабалган балдардын азыркы абалы жөнүндө билгилечи, суперчилер? Бул экөө жерге кирсин. Булар он жылга камалса да тиги эки шордууга эч ким денсоолугун кайрып бере албайт. Аллах таала эртерээк сакаюуну насип кылсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: