super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле? Нышанов: "Депутаттар бардык маселени чече албайт"

 

2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Анда митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрүнүн чыгышын талап кылышкан. Коомчулукта эл алдына бир дагы депутат чыкпаганы сындалып, талкуу жаратууда.

SUPER.KG порталы "Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов депутаттар бардык маселени чече албай турганын айтты. "Негизги маселени чече турган адамдар ал жакка барышы керек. Ал жерде абакта отурган адам жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин Жогорку Соттун өкүлү чыкса болот эле. Депутаттар соттун ишине аралашпайт. Көпчүлүгү депутаттар чыгышы шарт деп айта беришет. Биз микрофон аркылуу деле көп маселени айтып жатабыз. Бирок айтылган сөздүн 20 пайызы чечилсе чечилет андан ашык чечилбейт. Бир депутат чыкканда эч нерсени чече албайт. Ыйгарым укугу бар, маселени чече турган адамдар чыгып, туура түшүндүрүшү керек болчу", - дейт Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: