super.kg logo

Ханыша Елизавета II биринчи жолу сыйлыктарды кол кап кийип тапшырды. Ханышанын бул кадамы коронавирустан коргонуу катары бааланууда

 

3-мартта Букингем хан сарайында көптөн күткөн салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өттү. Анда ардактуу титулдар жана ордендер сыйлык ээлерине тапшырылды. Аталган иш-чара Улуу Британияда 1952-жылдан бери салттуу өткөрүлүп келет. Бул аземге Елизавета II биринчи жолу колуна кол кап кийип катышты. 93 жаштагы ханышанын бул кадамын жалпыга маалымдоо каражаттары дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустан өзүн коргоо катары баалашууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Улуу Британиянын өкмөтү ханышага вирус кантип, кайдан жана кандай жолдор менен жайылганын, вирустун очогу кайдан чыкканын түшүндүрүп, айтып берген. Анда вирустун таралуу жолдору, эл көп жыйылган жерден алыс болуу, эрежелерди так жана туура сактоо нормалары дагы айтылган.

1952-жылдан бери ханыша Елизавета II 388 миңден кем эмес орден жана ардактуу чиндерди ээлерине тапшырып, 540тан ашуун аземди өткөргөн. Бул учурда ханыша ар бир сыйлык ээсине сыйлыгын колун кысып, жагымдуу жылмаюу менен тапшырат. Анда ханыша сөзсүз түрдө адамдардын көп массасы менен байланышта болот.

Букингем сарайында өтүүчү иш-чарага чейин, өкмөт башчы Мэтт Хэнкок вируска байланыштуу жаңы учурлар боюнча ханышага билдирип өткөн", - деп айтылат маалымат каражаттарында.

Салтанаттуу иш-чарага Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильям катышкан. Бирок алар кол кабы жок келишкен. Алар чын жүрөктөн сыйлык ээлерин наамдары менен куттуктап, колун кыскан. Маалымат булактарынын жазганына таянсак, анда Елизавета II Кейт жана Уильямды вируска олуттуу карабаганына нааразы болгон.

Маалыматка ылайык, учурда Улуу Британияда коронавируска байланыштуу 51 учур катталган. Буга байланыштуу өлкө аймагында вирустун алдын алуу иштери кызуу жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
04.03.2020. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларда Элизаветта 2 ханышасы эмне иш аткарат негизи? Ушулардын король, королеваларына эч эле түшүнбөймда, типа эскиликтин системасы дагы эле бар болгондой сезиле берет.
05.03.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне иш аткараь билбейм. Бирок дуйнодо бир кана Елизабетта 2 нин паспорту айдоочулук куболугу жок. Ал каалаган олкосуно эч кандай документсиз тоскоолдуксуз кире алат жана автоунаа айдай алат деп окугам
05.03.2020. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi.Avazbekov, Эмне иш кылаарын деле окусан болмок экен.
05.03.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Store, Елизавета 2 согуш учурунда тез жардам жана аскердик жук ташуучу машиналарынын айдоочусу жана механиги катары британ армиясында аялдардын батальонунда лейтенант чининде кызмат кылган. Британ империясынын тактысына учунчу мураскер принцесса болгонуна карабай кызмат отогон.
satyke түзөттү 2020-03-05 18:47:24
05.03.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
93жаштабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: