super.kg logo

Индияда коронавируска байланыштуу "Холи боёктору" фестивалы өтпөй калды

 
"Холи боёктору" фестивалынан көз ирмемдер

Индия бийлиги коронавируска байланыштуу "Холи боёктору" фестивалын өткөрбөй турган болду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди жалпыга маалымдоо каражаттарын кабардар кылып, билдирүү таратты.

Анын айтымында, серепчилер айткан талаптарды сактап, эл көп жыйылган жерден болушунча оолак болуу вирусту алдын алат.

“Серепчилер кандай иш-чара болбосун массалык түрдө эл көп топтолгон жерге барбоону сунуштап жатышат. Алардын бул сунушу албетте дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн коронавируска байланыштуу. Ошондуктан мен бул жылы эч кандай иш-чараларга катышпоо чечимин чыгардым жана анын ичинде "Холи боёктору" фестивалы дагы бар”, - деп жазды ал социалдык тармактагы жеке баракчасына.

Индиянын премьер-министри Моди 2014-жылдан бери бул фестивалга активдүү катышып келген.

"Холи боёктору" фестивалы Индия өлкөсүндөгү эң популярдуу фестивалдардын сап башында турган салттуу майрам. Бул жылы ал кийинки аптанын башталышында белгиленмек. Бирок өлкө бийлигинин чечиминен кийин эл бул майрамды белгилей алышпайт.

Индия дүйнө жүзүндө адам саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турган мамлекет. Учурда бул өлкөгө дагы аталган вирус жайылып баштаганын дүйнөлүк маалымат булактары кабарлап жатышат. Маалыматка ылайык, анда вируска байланыштуу 28 учур катталган. Учурда өлкө коронавирустан сактануу үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: