super.kg logo

Туулган күнгө келген белек өлүмгө алып келген. Гонконгдук миллиардердин небереси липосакциялык операция учурунда каза болду

 

Сеулдагы клиникалардын биринде гонконгдук миллиардердин небереси пластикалык операция учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Bossini" дүкөндөр тармагынын негиздөөчүсү Лау Тинпондун 34 жаштагы Бонни Эвита Лау аттуу небереси туулган күнүнө пластикалык операцияны белекке алган. Ал январь айында белекти колдонуу үчүн Сеулга келип, "Ollim Plastic Surgery" деген пластикалык клиникага кайрылган. Бонни Эвита липосакциялык операция (ашыкча майлардан арылуу) жасатып, кошумча косметологиялык процедуралардан өтмөк. Операция учурунда Лау катуу ооруну сезип, калтырап баштаган. Дарыгерлер кошумча наркоз сайып, операциясын уланта беришкен. Ошол маалда аялдын оозу көгөрүп, комага түшүп калган. Бир сааттан кийин Лау көз жумган.

Бир айдан соң маркумдун күйөөсү Сеул клиникасын сотко берген. Ал операцияга катышкан 2 хирург менен медайымды күнөөлөп, ага келтирилген зыянды төлөп берүүсүн талап кылган.

Маалыматка ылайык, жубайы каза болгондон кийин күйөөсү менен уулу жыл сайын берилип турган жөлөк пулга жана кайнатасы калтырган мураска ээ боло алышпайт. Айымдын туугандары да анын доо арызын колдошкон. Сеул полициясы окуя боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин Алматыда 4 баланын энеси липосакция операциясын жасатам деп көз жумганы тууралуу жазылган.

Липосакция - бул экинчи ээктен арылуу, кежигедеги жана жалпы жонунан дененин башка бөлүгүндөгү май дөмпөкчөсүн алдыруудан турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
05.03.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не ал липосакция,чуркап барып гуглдан коруп келейин...
06.03.2020. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kurbanalieva1991,ашыкчы майларды операция жолу мн алуу
05.03.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапжаш туруп неге операция жасатышат, пластиковые операции.
05.03.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооой,Кудай берген денеге эптеп кам көрө албай өлүп кеткендерге аябай өкүнөм... Жөн эле диета кармап же бир массаж бир нерселер кылып эле жашай бербейби десең эми. Белек катары берсе андан көрө акчасын бер ошол акчаны жардамга муктаждарга берем десе болмок экен.
05.03.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээх Акча акча
06.03.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Липосакция козум астындагы грыжага жасатсам деген пландар бар, кандай болор экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: