Депутат Икрамов ак калпак аптасын жарыялоону сунуштады
Депутат Тазабек Икрамов ак калпак аптасын жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз ата-бабабыздан таберик калган улуттук баалуулугубуз ак калпакты майрам күнү эле эмес, такай кийип жүрүшүбүз керек. Ал үчүн ак калпакты бир күнү эле белгилебей, аны ак калпак аптасы катары жарыяласак жакшы болмок. Ак калпак аптасын мыйзамдаштырып, күндү аптага которуп берсек, бара-бара жаштарды ак калпакты такай кийип жүрүүгө көндүрүп алмакпыз. Мына ушул маселени чогуу ойлонуп көрүшүбүз керек", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
6

