super.kg logo
  Саясат  

"Чалдыбар" чек ара бекетинде биргелешкен окуу болуп өттү

 
Чек арачыларга мамлекеттик чек араны кайтаруу буйругу берилүүдө
Чек арадагы текшерүү
Укук коргоо органдарына кырдаалга жараша чара көрүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлүүдө
Унаада баңгизат бар же жок экенин текшерүү
Унаада баңгизат бар же жок экенин текшерүү
Аксакалга мамлекеттик чек арадан өтүүгө тыюу салынды
Чек арадан өтө албай калган аксакалдын жакындары нааразы болууда
Жакындары жаңжал чыгарып жиберишти
Жакындары жаңжал чыгарып жиберишти
Ызы-чууну баштаган аксакалдын тууганы кармалды
Ызы-чууну баштаган аксакалдын тууганы ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Иш-чаранын соңунда
"Чалдыбар" чек ара бекетинин кызматкери

Чүйдөгү "Чалдыбар" чек ара өткөрүү бекетинде "Чылдыбар" өткөрүү бекетиндеги чыр-чатактуу учурдарды аныктоо" аттуу органдар аралык биргелешкен окуу болуп өттү. Иш-чаранын максаты - өткөрүү бекетиндеги чыр-чатак учурунда көзөмөлдөөчү органдардын биргеликте иштөөсүн камсыздоо. Ага Чүй облусундагы өткөрүү бекеттеринин башчылары, аталган бекеттин өздүк курамы, ИИМ менен УКМКнын райондук башкармалыктарынын кызматкерлери жана башкалар катышты. Окуунун сценарийи боюнча Кыргызстандык жаран 1994-жылкы паспорт менен мыйзамсыз чек раны кесип өтүүгө аракет кылат. Көзөмөл-өткөрүү бекетинен бардык жарандар текшерилип, бирок аталган жаран кармалып, ага тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул учурда кармалган жарандын жакындары жаңжал чыгарышат. Бекеттин кызматкерлери белги берип, окуя болгон жерге башка органдардын кызматкерлери да келишет. Айтор чыр-чатактуу учурда органдардын иш алып баруусу чагылдырылды.  

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: