Ошто прокурорлордун катышуусунда жеке ишкерлердин укугун коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү




Кечээ, 4-мартта Ош облустук прокуратурасы тарабынан уюштурулган жеке ишкерлердин укугун коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта тегерек столго ишкерлер, райондук прокурорлор, экономика министрлигинин аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик салык кызматы, Ош облусундагы өкмөттүн өкүлдөрү, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери катышкандыгы айтылат.
"Жолугушуунун алкагында прокуратура өкүлдөрү жана аталган мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү жалпы катышуучуларга жеке ишкерлик субъектилердин укугун коргоодо кабыл алынган чаралар жана текшерүүлөр жөнүндө маалымат берип өтүштү. Ошондой эле жеке ишкерлик субъектилерин текшерүү тартиби тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү. Мындан тышкары текшерүүчү органдар менен ишкерлердин эриш-аркак иштеши жана текшерүүдө мыйзамдуулукту сактоо боюнча талкуу жүрүп, сунуштар киргизилди", - деп айтылат маалыматта.



