super.kg logo

Сулуулук буттан башталат. Буттагы веналардын варикоздук кеңейүүсүн алдын алуу

 

Жаз мезгили келип, жеңил кийимдер акырындык менен гардеробдон баш бага баштады. Мындай учурда айымдарга толук кандуу сулуу жана өзүнө ишенимдүү болуусу үчүн айрым нерселер тоскоолдук кылат. Мисалы, көп кездешкен варикоз оорусу жана алардын белгилери. Веналардын кеңейиши, шишик, оорутуу жана буттун талып оорлошуусу башында ыңгайсыздыкты жаратат. Бирок кийинчерээк чоң маселеге жеткириши да мүмкүн. Андыктан келечекте андайга жол бербөө үчүн же ооруну алдын алуу жолдорун талдап көрөбүз.

Варикоз – (лат. кеңейүү) – веналардын жабыркап, андан улам кан тамырлар созулуп, айрым бир бөлүктөрдө түйүнчөлөр пайда болот.

Варикоз оорусу кайсы топтогулар үчүн кооптуу?

1. Аз кыймылдуу жашоодо. Отуруп же туруп иштөө, тар кийимдерди көп кийүү;

2. Тукум куучулук. Жакын туугандары варикоз менен жабыркаган болсо, ооруга чалдыгуу коркунучу чоң;

3. Гормоналдык препараттарды үзгүлтүксүз ичкенде;

4. Ашыкча салмактуулук;

5. Кош бойлуулук;

6. Жаш курак.

Андан сырткары дене дайым вертикалдык абалда болгон (сатуучулар, чач тарачтар) жумушта иштегендер да варикозго көп кабылат.

Кантип жагымсыз абалды алдын алса болот?

1. Активдүү болуу, жөө басуу;

2. Ашыкча салмактан арылуу;

3. Бир абалда көп убакытка чейин турбоо. Оорчулукту тең салмактуу кылып алмаштырып туруу керек;

4. Бутту кайчылаштырып отуруудан качуу;

5. Тар кийим, тар бут кийим (шиш таканы азайтуу) кийгенди азайтуу;

6. Жумуштан кийин бутка муздак сууну төкпөө.

Венаны дарылоонун ыкмалары:

1. Консервативдик ыкма. Веналардын тонусун жогорулатуучу препараттарды колдонуу;

2. Компрессиондук терапия. Атайын веналарды жөнгө салчу медициналык трикотаж колдонуу. Аны дарыгер бейтаптын оору стадиясына карап сунуштайт. Медициналык колготки, чулкилерди өз убагында кийип, дарыларды ичсе, варикоз оорусун алдын алууга болот;

3. Хирургиялык ыкма. Иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат.

Учурда варикозду алдын алуу үчүн медицинада Венолайф аттуу препарат колдонулуп келет. Препараттын курамындагы гепарин, декспантенол жана троксерутин венанын созулуп кетүүсүн жана венада топтолгон түйүнчөлөрдү азайтып, кан айланууну жакшыртып, венанын калыбына келүүсүнө алып келет. Мунун натыйжасында буттагы ооруксунуу басаңдап, шишик кетет.

Колдонуу ыкмасы:

Күнүнө вена кеңейген бөлүккө 2-3 ирет жеңил кылып сиңиргенче сүйкөө керек.

Кош бойлуу жана эмизген учурда Венолайф препаратын колдонуу коопсуз (кош бойлуулук жана эмизген учурда препараттын зыяндуулугу аныкталган эмес).

* Препаратты колдонуу алдында дарыгер менен кеңешиңиз. Кыйыр таасирлери бар.


кошулду





Варикоздун алдын алууда Венолайф жардам берет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдонуп коргондор барбы,жыйынтыгы билиндиби? Жардам береби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: