Бишкекте мас болгон өзбек дипломаттары бир айдоочуну сабап салышты
Бүгүн, 23-августта кечинде Бишкектеги Москва - Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде дипломатиялык номурлуу Тойота Ленд Крузер унаасы Жигули унаасын сүзүп кеткенин, айрым маалымат булактары жарыялашты. Тойотанын ичинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери болушкан. Мас абалындагы алар унаадан түшүп Жигулинин айдоочусун сабап салышты. Окуя болгон жерге Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрү барышты. Бүгүн, өзбек дипломаттарын Жол-кайгуул кызматы сүйлөшүүгө чакырып, бирок алар келишкен жок. Кайрадан чакырылыптыр, эртең саат 10:00дө келиши күтүлүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-2

Креслодо отургандардын патриоттук сезимдери ойгонмоюн олко онолбойт.
Аракет кылабыз.
бийликти кутпой. Причем тут бийлик? сен таяк жесен эми Атамбаев куноолуубу, ага арызданасынбы?
Жок, сен озун куноолусун алын жетпесе. Буга беспредел кылса 4 киши, ал деле беспредел кылыш керек эле.
Ар дайым оч алыш керек! Жок, кыргыздардан бир "умник" чыгат антпеш керек, биз толеранттуубуз, анан кыргыздар
озулору куноолуу же бийлик куноолуу деп.
P.S. Банга айдамай жок анан. Мен оз оюмду жаздым.
3 күнгө сайттан четтетилдиңиз!