Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала алат? Министрликтин маалыматы

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пулду алуунун жол-жоболору тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
- Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала алат?
- Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, башкача айтканда 1000 сомдон төмөн болсо.
- «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?
- Жөлөк пулду дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
- Жөлөк пулду дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?
- Айлык акы, стипендия, ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде), жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
- «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?
- Пенсиянын бардык түрлөрү, мамлекеттик жөлөк пулдар, сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар, жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.
- «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу кандай өлчөмдө дайындалат?
- Жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт.
Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөк пул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.
- Жөлөк пулду дайындоо үчүн кайсы документтер керек?
- Паспорт, факт түрүндө жашаган жеринен үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат, балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат, банктык маалымдаректер. Керек болгон учурда кошумча берилет: ишсиз эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар, жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин бардыгы тууралуу маалымкат, мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат, статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.
- «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоого ким кайрыла алат?
- Ата-эненин бири (же камкорчу).
«Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!
Көңүл буруңуз! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөк пул дайындалбайт.
- Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк” кайдан төлөнөт?
- «Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.




Россия мисалы 2020 жылдан баштап суйунчу пулду эки эсе кобойтту,мисалы буга чейин 250 мин рубль болсо,азыр 500 мин рубльга которулду.Биздикилер болсо суйунчу пул биякта турсун,ошо биртике пособиени норм бере алышпайт.Уят уят шерменде!!!