super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Бишкектин райондук соту коронавирус жайылат деген жүйөлөрдүн бири менен 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Соттун чечими Конституцияга каршы келбейби? Чолпонбаев: "Мыйзамга каршы келбейт, бирок бул чечимдин негизи башка маселе болсо керек"

 

Биринчи Май районунун акимиаты Бишкектин борбордук бөлүгүндө митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Сот акимиаттын өтүнүчүн канааттандырды. Бул чектөө коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында болуп жатканы жүйөлөрдүн бири катары айтылды. Бирок коомчулукта митингдерге тыюу салуунун максаты башка экени дагы талкууланууда.

SUPER.KG порталы "Бишкектин райондук соту коронавирус жайылат деген жүйөлөрдүн бири менен 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Соттун чечими Конституцияга каршы келбейби?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул чектөөнүн максаты башка экенин айтты.

"Тыюу салуунун негизги себеби башкада болсо керек. Азыркы учурда эл өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштерине нааразы болуп жатат. Ошого карата митингдер болбосун, элдер көчөгө чыкпасын деген гана аракеттер болууда. Коронавируска тиешеси деле жок болуш керек. Эгерде коронавируска тиешеси болсо, чек араны бекемдеп, өлкөгө келип жаткан кытайларды киргизбейт эле. Кээ бир жерлерде митингдерди токтотуу менен коронавирусту токтото албайбыз. Той, аштар болуп жатат. Чиркөө, мечиттерге эл чогулууда. Ошол жалгыз митингден коронавирус жайылып кетет бекен? Бул мыйзамга каршы келбейт, бирок чечимдин негизи башка болсо керек деген ойдомун", - дейт Мукар Чолпонбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: