super.kg logo

Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөдөн улам жума намазга келген адамдардын саны азайдыбы? (фоторепортаж)

 

Коронавирустун алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга массалык түрдө топтолуу чектелерин 28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирген.

Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы жума намаз белгиленген убакытта окуларын жана адамдардын санына чектөө киргизилбегенин билдиришкен.

Буга байланыштуу бүгүн, 6-мартта SUPER.KG порталы Бишкектин Борбордук мечитине барып жума намазга келген адамдардын саны азайган жокпу, министрилик киргизген чектөө жарандарга канчалык деңгээлде таасирин берди деген суроо салдык.

Белгилүү болгондой, жума намаз саат 13:30дө башталат. Ал жакка барганда алгач эле автоунаалардын саны көзгө илинди. Автоунаалардын көптүгүнөн мечиттин ичиндеги жана сыртындагы унаа токтотуучу жайларда орун калбай, айрымдары аялдаманын маңдайына токтошконуна күбө болдук. Мындай көрүнүштөн улам, аялдамада транспорт күтүп тургандар "автоунаалар үч катар болуп токтошуптур, маршрутка токтотууда ыңгайсыздык жаратып жатат" дешти.

Жума намазга келгендерге суроо салган 9 жарандын ичинен бирөөнөн гана "өткөн аптага салыштырмалуу бүгүн адамдар азыраак келди, муну биз намаз окулчу жерде анча-мынча бош орундар болуп калганынан байкадым. Бирок бул коронавируска деле байланыштуу болбошу мүмкүн" деген жооп алдык. Калгандары жума намазга келгендердин санынын азайышын байкабаганын, мурдагыдай эле автоунаалар толуп, орун жок калганын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
06.03.2020. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка паника кылып жатат кытайдын экономикасын түшүрөбүз деп
07.03.2020. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chake,Болушу мумкун.Дуйнолук саясат бар.Масондор дуйнону башкарат.Алардан баардык нерсени кутууго болот.Азыр Азия,Европада коронавирус бар.Эгер Америка континентине тараса,анда дарысын чыгара коюшат.
07.03.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Америка континентине тараганы
качан!Мистер икс мезгилден
артта калба!
06.03.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Асылганынар эле жума намаз болуп калдыбы?бир аптада 40 эле минута болот.А базарлар,мектептер,окуу жайлар,кафе,ресторандар,тойлорчу?
06.03.2020. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Tolkun555,чача-пача дебей башка кабарларды да толук окучу..Баарына эле тыюу салып жатат,кафе-ресторандардан бери
06.03.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
aydinnurАлтынай Нарбаева мине сенин уйундо туулган кунун откоруп жатабы?Шаарда карачы кайсы кафе жабылыптыр. Баарында толо адам.Ошо динге каршы чыгып, мусулмандарды кордогону учун кытайларга апаат келди.бардык жакшылык жамандык иштер бир гана Алладан.
06.03.2020. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aydinnur,мечиттерди жаап,намазга тыйуу салсанар жакшылык болбой калат. Жер бетинде азан айтылбай калганда кыямат болот деп жазылган.
06.03.2020. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине тушунук деген барбы деги,эч ким тыюу салган жок и сала албайт..Жон гана эскертип жатат,сактан деп..
Аябай коркунуч жаралганда,эч ким эскертпесе деле озубуз
чээнге киребиз элден биринчи..
aydinnur түзөттү 2020-03-06 23:14:01
07.03.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tolkun555,момун мусулмандардын журогундоыйман болсо аларды эч ким токтото албайт!
Баарыбыздын журогубузго Аллахым ыйман берсин.
Билуучу бир Аллах!
07.03.2020. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушу мечиттин жанына көп кабаттуу стоянка салып койсо болчудай. Машиналар батпай кетет.
07.03.2020. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aimani,машинасы жок эле маршрутка менен барса болбойбу?
07.03.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikaaaa,даяр алдында машина турса Ким эле маршруткага чыксын.маршрутка менен Бир саатта жеткен жерге машина менен жарым саатта жетесин Эми озун ойлоп кор
07.03.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жакта да фанатиктер чогулуп алган тура. Буну силердин гана ден-соолугунар учун сунуштап жатат. Тигине Меккеге зыярат кылуу деле убактылуу жабылды
07.03.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asha302,базардагы кунуго толо элге не дейсин анда?Алайчиктин фанатиги)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: