super.kg logo

Ленин районунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды

 

Ленин районунда митингдерди өткөрүүгө жана адамдар көп топтолгон иш-чараларды уюштурууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Түлөбаевдин айтымында, мындай чектөөлөр шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу өкмөттүн токтомунун негизинде киргизилип жатат.

"Убактылуу чектөөлөр киргизилип жаткандын бир гана себеби бар. Ал өлкөдө коронавирустун жайылышын болтурбоо. Биз демократиялык принциптерди карманып келебиз. Бирок кээ бир кырдаалдарда чектөөлөрдү киргизүү зарыл болгон жагдайлар болуп калат. Учурда Бишкекте массалык чогулуштарга тыюу салынып жаткандын себеби жогоруда айтып өткөндөй коронавирус эпидемиясынын алдын алуу болуп саналат", - дейт Балбак Түлөбаев.

Буга чейин Биринчи Май районунун акимиаты Бишкекте митингдерди өткөрүүнү 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган.

Биринчи Май районунун акимиаты буга негиз катары өкмөттүн токтомун келтирген. Ал эми аппарат башчы Балбак Түлөбаев коронавируска байланыштуу бардык райондордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.03.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура чечим!Озгочо 8-марттагы отчу гей параддын башчыларына чон сокку болуптур))Аялдардын укугу демиш болуп,былтыр кордук го,кандай"аялдар"экенин..Чай куйбайбыз десе бироосу,да бир эркек сымал"когушу" мен торобойм дегенин((Чыныгы аялзатынын жылда бир болчу майрамын да бузушту былтыр с....чтар..
07.03.2020. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын,балее барбы чогулуп андан коро жаз келди эгининди эк,арыгынды чап дегендей.Дагы америка бир балеени баштаганы калдыбы,бекерпоз мадыра баштар чыга бергиле акчага алданып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: