Индияда өспүрүм кыздын ашказанынан 3 килограмм чач алынды

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы ооруканалардын биринен 15 жаштагы кыздын ашказанынан 3 килограмм чач алынды. Бул тууралуу индиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 15 жаштагы Шивани аттуу өспүрүм кыз курдаштарынан айырмаланып, салмагы болгону 29 килограммды түзгөн. Ооруканадан ага текшерүү жүргүзгөндө ашказанында топтошкон чач бар экендиги аныкталган. Ашказанында топтолгон чач анын тамак сиңирүүсүнө жана толук кандуу жашоосуна тоскоолдук жаратып келген. Маалыматта Шивани бала кезинен бери эле чачын жеп келгендиги айтылат. Ашказанында топтолгон чач 3 килограммды түзгөн. Операция ийгиликтүү жасалып, кыз дарылануусун улантып жатат. Эми Шивани чач жеген жаман адатынан арылууга туура келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Siren.ms

07.03.2020. 13:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Индиялыктар киносунан да озгочо калк экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.