super.kg logo

Бишкек мэриясы митингдерге тыюу салган чечимдерге каршы

 

Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алуу менен райондук соттор тыюу салган митинг боюнча чыккан чечимге каршы. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясы Свердлов райондук акимчилиги сотко берген арызын кайтарып алды.

"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тынч жыйындарга тыюу салган Биринчи май, Свердлов, Октябрь райондорундагы чектөөнү алуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылуу даярдалып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи Май районунун акимиаты Бишкекте митингдерди өткөрүүнү 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган.

Биринчи Май районунун акимиаты буга негиз катары өкмөттүн токтомун келтирген. Ал эми аппарат башчы Балбак Түлөбаев коронавируска байланыштуу бардык райондордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.03.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкек шаары, озунун эли менен бир чиновниктин, же соттун жеке менчиги эмес. Эл болгондон кийин коомдо ар кандай проблема, нааразычылыктар бийлике болуп турат. Эл оз пикирн айтууга укуктуу. Элдин оюн тыйууга Сокенин эч бир акысы жок. Андан коро Соке кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: