super.kg logo

ЖАМК кызматкерлер төшүнө тагып жүрүүчү видео регистраторлорду презентациялады

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында кызматкерлер төшүнө тагып жүрүүчү видео регистраторлорду презентациялады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Иш-чарага ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев, ЖАМКнын коомдук кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова, "Hytero" компаниясынын Өзбекстандагы өкүлү, инженер Илья Марченко катышты.

Кеңешмеде өзбекстандык өкүлдөр өздөрү сунуштап жаткан видео регистраторлор тууралуу айтылып, суроолорго жооп берилди.

"Видео регистраторлорун төшүнө таккан 16-мекеменин кызматкерлери аркылуу анын онлайн иштөө мүмкүнчүлүгү көзөмөлдөндү. Бул аппарат 24 саат бою түз эфирге чыгып, борбордук аппаратка көрүнүп турат. Видео регистратор видео, аудио материалдарды окуя болгон жерде тартуу, сактоо жана берүүгө ылайыкташып, камера менен катар микрофон коюлган. Анда 3G, 4G Wi-Fi тартып, үн байланышты камсыз кылып, кооптуу учурда сигнал берет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин ЖАМКга бардыгы болуп 174 видео регистратор алынган жана 4 жабык жайларга таратылган. Мындай аппараттар кызматкерлердин коопсуздугун гана эмес, алардын жана соттолгондордун тартибин көзөмөлдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Соттолгондор кызматкерлерди сөгүп же баш ийбестик жасай албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: