super.kg logo

"Көз жарган келиндердин жолдоштору куттуктаса, ичиңен ыйлайт экенсиң". Ысык-Көл ОИИБи үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды майрамы менен куттуктады

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жаз майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.

Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Улан Асанбаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде аймакта үй-бүлөлүк зомбулуктун жана наристелерге карата кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо максатында масштабдуу профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 7-мартта аталган иш-чаранын алкагында облустук милициянын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, башкармалыктын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен бирдикте кризисттик борборлордо болушуп, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартышкан аялдарды 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. Иш-чаранын негизги максаты болуп жөн эле майрамдары менен куттуктап, белектерди тапшырып кетпестен, турмуштун оор сыноосуна дуушар болгон айымдарга моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен алардын укуктарын, мындай жагдайда эмне кылуу керектигин түшүндүрүүнү көздөгөн.

"Каракол шаарындагы "Химая" кризисттик борборунда убактылуу жашаган Людмила өзүнүн тагдыры жөнүндө милиция кызматкерлери менен бөлүштү. Анын айтымында, ал балдар үйүнүн тарбиялануучусу болот. Мектепти аяктагандан кийин ар кайсы кафелерде идиш-аяк жууп, күнүмдүк турмушун өткөрчү. Кийинчерек Володя аттуу жигит менен таанышып, турмуш куруп, бир кыздуу болушкан. Жолдошунун ичкилиги ур-токмоктор менен улангандыктан, кризистик борборго кайрылууга аргасыз болгондугун айтып берип, аталган окуя боюнча милицияга кабарлабагандыгын билдирди. Бул окуяга Акылбек Бекишев Каракол ШИИБинин тийиштүү кызматкерлерине териштирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Андан кийин милиция кызматкерлери Ысык-Көл облустук төрөт үйүнө барып, 6-март күнү көз жарган «Мээрман» кризистик борборунун убактылуу жашоочусу Дариханы да куттуктап кетишти. Дариханын айтымында, анын ата-энеси оорукчан болгондуктан жардамга муктаж. Келин кош бойлуу болуп жүргөндө, анын жолдошу жалгыз таштап кетип калган. Эмне кыларын билбей жүргөндө, тааныштарынан кризистик борборлор бар экендигин билип, Каракол шаарына келген.

"Жанымдагы башка көз жарган келиндерге жолдоштору келип, аларды куттуктап жатканда ичиӊен бир сыйра ыйлап алат экенсиӊ. Сиздер келип, мени эне болушум менен куттуп жатканыӊарга абдан ыраазымын. Себеби бул менин тун балам. Ушинтип жалгыздатпай мага көӊүл бурганыӊыздарга рахмат", - деди Дариха.






Ысык-Көл ОИИБи үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды майрамы менен куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.03.2020. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш аялдар. Кыргыздын эркектери силерге эмне болду,аялдарды пацдаланып таштап кеткен эркектер коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: