super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков айымдарды 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март - Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өлкө башчы энелерди жана балдарды коргоо - мамлекеттик органдарынын артыкчылыктуу милдети экенин айткан.

"Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март - Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайм! Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукерлиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет. Элибизде энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып келет. Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат. Алар турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк да асылзат аялдарга таандык. Кымбаттуу айымдар, энелерди жана балдарды коргоо — мамлекеттик органдарынын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет. Бардык аракетибиз аялдардын жашоо турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Баарыңыздарга бекем ден соолук, албан ийгилик жана бактылуу турмуш каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.03.2020. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уктатты...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: