Кытайдын Цюаньчжоу шаарында коронавируска шектелген адамдар убактылуу кармалып жаткан мейманкана урап калды







Кытайдын Цюаньчжоу шаарында коронавируска шектелген адамдар убактылуу кармалып жаткан мейманкана урап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган мейманканада коронавируска шектелип жана коронавирус экени аныкталган адамдар бар болгон.
Учурдагы маалыматтар боюнча анын ичинде 70ке чукул адам болгонун, анын ичинен 34 адамды алып чыгарылганы жазылууда.
Мейманкана 2018-жылы ачылып, 80 орунга ылайыкташкан. 2020-жылдын башы менен башталган коронавирустан кийин аталган мейманкананы карантиндик борбор кылышкан.
Кытайда карантинге алынган жарандарды кармаган мейманкана урап, 10 адам каза болду
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Коронавирус болбосо кырсык каш-кабактын ортосунда .
Аллахыым