super.kg logo

Франция парламентинде 4 депутат коронавируска кабылды

 

Франциянын парламентинде 4 депутат жана Улуттук ассамблеянын (парламенттин төмөнкү палатасында) 2 кызматкери кооптуу делинген коронавируска кабылганы айтылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, француз парламентинде 4 депутат жугуштуу вируска кабылганын дарыгерлер аныктап, алардын кайсы партиянын өкүлдөрү болгондугу тууралуу маалыматты таратышкан. Анда "Республикалыктар" партиясынын өкүлү Жан-Люк Рейцер. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Экинчиси "Алга! Республика" партиясынын өкүлү Элизабет Тутю-Пикар болгон. Ал эми эки депутаттын кайсы партиядан экендиги ачыкталган эмес.

"4 депутаттын жана Улуттук ассамблеянын 2 кызматкеринен тест жыйынтыктары коронавирусту жуктуруп алгандыгын көрсөткөн. Ассамблея кызматы вируска каршы санитардык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми вирусту жуктуруп алган депутаттар карантинге алынган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө карата Францияда 1 209 адам вирусту жуктуруп алган, каза болгондордун саны 19га жетти, айыккандардын саны - 12.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.03.2020. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин 120 койго качан жугат
09.03.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wibee,Ошолорго жукса кичине кыймылдашмак беле.Чек ара жабык деп коюшуп кытайдын бардыгы келип алыштыго.Текшерген эч ким док текшербей карантинге киргизбейбиз мынча акча бер десе любой кытай суйунуп беришет.Бир жансыл болгула киргизбей турушса болмок
09.03.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Wibee,аларга жукса сен соо калмак белен.жазарда ойлонуп жазыш керек.Кыргызстанга келгенден кудай сактасын
09.03.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,брааво!!!
09.03.2020. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сакта бул коранавирус кулачын жайып эле келе жатат, Францияга да жетиптирда, вакцинациясын эртерак окумуштуулар ойлоп таппай бекен.
09.03.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirkaa5182,Сиз экообуз комментарий жазып сайтта отурганда кайсы бир окумуштуулар вакцинанын устунон иштеп жаткандыр. Убакыт керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: