Бүгүн өлкө боюнча ооруканалар менен поликлиникалар иштебейт

Бүгүн, 9-мартта өлкө боюнча ооруканалар менен поликлиникалар иштебейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы билдирет.
Мекемеден билдиришкендей, поликлиникалар менен ооруканалар календарь боюнча иштейт.
"Өкмөттүн токтомуна ылайык, Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрү ооруканалар иштеген. Эл аралык аялдарды коргоо күнү дем алыш күнгө туш болуп калгандыгына байланыштуу бүгүн, 9-мартта ооруканалар иштебейт", - дейт маалымат катчы.
Жаңы жыл майрамынан кийинки эс алуу күндөрдүн тартиби:
1-январь - Жаңы жыл;
23-февраль жекшемби күнгө туш келгендиктен, 24-февраль дүйшөмбү эс алуу күнү болмок. Ошол эс алуу күнү 2-январга жылдырылды;
8-март Аялдардын эл аралык майрамы жекшемби күнгө туш келгендиктен, дүйшөмбү 9-март эс алуу күнү болмок. Ал күн 3-январга жылдырылды;
4-5-январь - ишемби жана жекшемби;
21-март Нооруз майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 23-март дүйшөмбү күнү эс алуу болмок. Ал күн 6-январга жылдырылды;
7-январь - Рождество күнү (Иса пайгамбардын туулган күнү).
Май айындагы эс алуу күндөрдүн тартиби:
1-май - Эмгекчилердин эл аралык күнү;
2-3-май - ишемби жана жекшемби;
4-май - 9-май Жеңиш күнү ишемби күнгө туш келгендиктен, 11-май эс алуу күнү болмок;
5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күн.





1 |