super.kg logo

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам жаракат алды

 

Бишкекте №138 багытындагы жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Автокырсык бүгүн, 9-мартта саат 09:00дө орун алганын патрулдук милициянын маалымат катчысы билдирет.

"Патрис Лумумба көчөсү менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган Мерседес-Бенц унаасы менен Жигули жеңил унаасы сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылды. Учурда кырсык катталган жерде кайгуул кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирет маалымат катчы.






Бишкекте жүргүнчү ташып бараткан маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: