super.kg logo

УКМК: "Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды"

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында УКМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө пара талап кылуу фактысы менен Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды.

Такталган маалымат боюнча шектүүлөр жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 миң доллар талап кылган. 2020-жылдын февраль айларында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5 миң доллар акча каражатын алган. Ал эми 6-мартта аталган салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык кабинеттерин тинтүүнүн жүрүшүндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды.

Учурда бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кармалган адамдар УКМК тергөө камак жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.03.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ленин райондук салык кызматын санариптештирүү аркылуу тейлөөгө чакырат элем. Азыр деле салыкты барып төлөөгө мажбур болуп жатабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: