super.kg logo

Япониядагы круиздик лайнерде коронавирус жуктуруп алып, дарылануудан өткөн Кыргыз жараны өлкөгө келди

 

Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп, өз убагында медициналык жардам алгандан кийин айыккан Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Ал бүгүн, 9-мартта Бишкекке келгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өлкөгө кайткан мекендешибиз обсервацияга алынып, коронавируска кайрадан анализ тапшырды. Анын абалы канааттандырарлык. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2-мартта кабыл алган чечимине ылайык, коронавирус катталган өлкөлөрдөн Кыргыз жергесине келген жарандар 14 күнгө карантинге алынат", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.

18-февралда Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын жыйында айткан.

Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз жараны 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылганын маалымдаган. Ошондой эле ал акыркы текшерүүдөн өткөндө коронавирус аныкталган эмес, мындан улам ага сертификат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(19)
09.03.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Байбааай
09.03.2020. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Бир ай карантин кылыш керек!
09.03.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудааай келди мына бизге ачык эле келди вирус
09.03.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
жок дегенде маска тагынып албай келиптир, келбей эле койсо болмок биротоло тынчымайынча, ким билет ал 100% айыктыбы же жокпу, азыр ошондой случай болуп атат го больницадан чыккандан кийин кайрадан анализи оорулуу болуп чыккан. карантин алган кезде да маскасы жок жыргап жургону ото чон коркунуч туудурат. бир ай изоляцияда болсун
09.03.2020. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Globalnews,Кайдан билдиниз маска тагынбай келгенин?
09.03.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
14 кун аз
09.03.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бул деген Кыргызстанда да коронавирус келди деген экен да
09.03.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Келтирбеш керек эле Кыргызстанга, вирус жок болмойунча. Эми шаштыбыз кетпесе болду элдерге жугуп
09.03.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Калп айтпасам. Айыгып деле Кыргызстанга баруу пока планымда жок деп айткан болчу.
09.03.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайра кетсин
09.03.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корона вирус адамдын ичинде дагы 1-2 ай жашайт деп жатышат го, айыккандар кайра ооруп жатат, бир ката кетирип алып кырылып калбайлы
09.03.2020. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pyeon hwa,жаныле окудум, омур бою жашайт экен бул вирус спид сыяктуу
09.03.2020. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келбей турса болмок экен. Бир ооругандан кийин кайра эле кайталана берет экен го. Кыргызстанды Аллахым өзү сактасын
09.03.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Келбей эле турса болмок экен
09.03.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бекер, келиптир кудай озу сактасын
09.03.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келбей эле койсо болмок
09.03.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айыксам да барбайм деген эле Кыргызстанга киргизбей койуш керек болчу
09.03.2020. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Неге келдин, жок дегенде тууганынды элинди ойлободунбу
10.03.2020. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын, кыргызым аман бололу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: