Кара-Көлдөгү жол кырсыгында сууга агып кеткен экинчи жарандын денеси табылды
21-августта жол кырсыгына кабылып, Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына агып кеткен экинчи жарандын денеси табылды. ӨКМнын кабарлашынча, П.Балбыкованын жансыз денеси 24-августта саат 16:00 чамасында табылды. Айта кетсек, 7 жүргүнчүсү бар Тойота унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа дарыяга түшүп кеткен эле. Анда 1 адам куткарылса, 2 адамдын денеси сыртка чыгарылып, 4 адамды суу агызып кеткен болчу. Издөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Кабарлар ӨКМнын кабарлашы боюнча жазылып жатат.