Орус рубли тездик менен күчүн жоготууда: Учурда 1 АКШ доллары 75 рублдан ашты
Бүгүн, 9-мартта мунайга болгон дүйнөлүк баанын кескин арзандап кеткенине байланыштуу эл аралык валюталык рынокто рубль доллар жана еврого карата кунун тездик менен жоготуп жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Москвада таңкы убакытта 1 доллар 72 рублга бааланса, түшкү убакытта 1 доллардын баасы 75 рублдан ашып өттү. Ал эми 1 евро таңкы убакытта 82 рублдун тегерегин түзсө, түшкү убакытта 1 евро 85 доллардан ары тоголонду.
Бул аралыкта Бишкек шаарынын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда да абал өзгөрүп жатат. Түшкү убакытка карата 1 рубль 93 тыйынга сатылса, ал эми сатып алуу 1 сомдун тегерегин түзүп жатат.
Рубль тездик менен кунун жоготууда
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Равшан Тойчиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
-6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.