super.kg logo

УКМК: "Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинде жардыруучу зат бар деген телефондук террорист кармалды"

 

Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат бар деп кабарлаган телефондук террорист кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-март күнү УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин консулдук бөлүмүнө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо УКМКдан атайын топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган. Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуучу зат жок болуп чыккан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп баштаган. УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларында 1974-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалган.

Такталгандай, М.Т. бейбаштык менен анонимдүү маалымат жиберген. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК жалган маалыматтарды тараткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.03.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял заты деп айтканга ооз барбайтда ушун чанач быткыл сыткылдарды жашы да бир топко барып калыптыр бошогон жерин бапрын кысып эле жүрсө болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: