super.kg logo

Стамбулдан келген Кыргыз жаранынын дене табы жогорулап, инфекциялык ооруканага түштү

 

Түркиянын Стамбул шаарынан келген Кыргыз жаранынын дене табы 37,7 болуп республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери тастыктап, бейтаптын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Чет өлкөдөн келген жаран "Манас" эл аралык аэропортунан түз эле ооруканага жеткирилген.

"Аэропорттон текшергенде бейтаптын дене табы жогору экени аныкталып, аны дароо эле ооруканага алып келишти. Ооруканага келгенден кийин медициналык текшерүүдөн өткөн бейтап ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) менен ооруп жаткандыгы аныкталды. Учурда анын дене табы түштү, абалы канааттандырарлык. Ошондой эле андан коронавируска анализ алынды", - дейт башкы дарыгер.

Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиядан (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) келгендер милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге алынарын атайын түзүлгөн штабдан маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.03.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карона вирус торуп келе жатат
09.03.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сакта, коркуп эле атам.
09.03.2020. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка олкодон келгендерди деле карантинге алгыла, сактыкта кордук жок, 14 кунго эмес 27 кунго алгыла!
guard түзөттү 2020-03-09 18:20:31
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: