super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы "Учкун" ААКны модернизациялоо долбоорун даярдоону тапшырды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Учкун" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда гезит-журнал цехи айына 43 мезгилдүү басылманы чыгарат. Муну менен катар жабдууларды оңдоо жана баасы 3 миллион сом болгон станокторду сатып алуу, чыгарылган продукциялардын түрлөрүн кеңейтүүнү жана көлөмүн көбөйтүүнү шарттайт. Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө. Албетте, ар кандай мезгилдүү басылмаларга буйрутмалар мурдагыдан көп болот. Бул убакыттын аралыгында иштеп алуу жана жаңы жабдууларга кеткен акчаны таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан керектүү техникаларды сатып алуу үчүн каражат табуу маселесин карап чыгуу керек", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле атайын мамлекеттик документтерди чыгаруу боюнча толук технологиялык циклда иштеген офсет жана мукабалоо цехинин иши менен таанышты.

"Офсет цехи модернизациялоого муктаж. Биз аны модернизациялоо боюнча заманбап полиграфиялык жабдууларды чыгарган дүйнөлүк компаниялардын алдынкы сунуштары менен тааныштык. Аны сатып алуу менен биз акциздик маркаларды, жогорку деңгээлде корголгон улуттук үлгүдөгү паспортту чыгара алабыз. Бүгүн "Россия-Кыргыз өнүктүрүү" фонду менен модернизациялоо үчүн зарыл финансы каражаттарын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп билдирди "Учкун" ААКнын башчысы Даир Кенекеев.

Мухаммедкалый Абылгазиев "Учкун" ААКны модернизациялоо долбоорун даярдоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: