super.kg logo

"Куран китептеги кылды кайнатып ичебиз, коронавирус жукпайт" деп тараган видеого Муфтияттын жообу

 

Интернет тармактарына, WhatsApp мессенжерине Куран китебиндеги кашты (ред. кыл деп да жүрүшөт) өлчөп, аны издеп жатышкандагы видео тарап жатты. Андагылардын бири балдарга китептерди ачтырып, ортолуктагы жиптерин издеткен. Соңунда бар экенин көрүп "ушуну чогуу ичебиз" деп айткан. Тарап жаткан бул видеого "ушул жипти кайнатып ичсе коронавирус жукпайт" деп ишенишет деген билдирүүлөр кошо тараган.

Аталган видеого түрдүү пикирлер жазылып, адашкан адамдар көп дешкен. Буга чейин түркиялык аялдын түшү жөнүндө да видео тарап, анда ал китептен табылган кирпик коронавирустан сактай турганын айткан. Видео ошого ишенип жасалган көрүнүш дегендер да бар. Бул боюнча Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматына байланышканбызда, видео Муфтиятка тиешелүү эмес мекемеде тартылганын айтышты.

"Бул окуянын чындыгына негиз жок, мындай туура эмес түшүнүктөргө азгырылбоого чакырабыз. Бул мекеме биздин карамагыбызда эмес", - дешти Муфтияттан. Тараган видеону көргөндөр аша чапкандык, мындай ишенимдердин өзү туура эмес деп жазышууда.






Куран китептеги жипти кайнатып ичебиз деген видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: