super.kg logo

Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү таратты

 

Бишкекте долларга болгон суроо-талап жогорулап баштады. 9-мартта социалдык тармактын айрым колдонуучулары "коммерциялык банктар долларды сатууда чектөө киргизишти, тагыраагы, бир адамга 500 доллардан ашык акча сатылбайт" деп жазып чыгышкан. Буга байланыштуу Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү таратты. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталып жатканы айтылат.

"2020-жылдын башынан тартып 9-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу - 1 АКШ доллары үчүн 69,5117 сомдон 69,8500 сомго чейин өскөн.

Учурда колдонулуп жаткан өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатынын алкагында, тагыраагы, АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда чет өлкөнүн валютасына болгон суроо-талапка жана сунушка жараша эркин түптөлөт.

Чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн тең салмактоо зарыл болгон учурда Улуттук банк кийлигишүүсү мүмкүн. Муну менен Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуу жагдайдын сакталышын камсыз кылат.

Улуттук банк сом колдонууга киргизилген учурдан тартып дүйнөлүк рыноктордо болуп келген өзгөрүүлөрдө өз натыйжалуулугун тастыктаган.

Маалымат катары билдире кетсек, Улуттук банк коммерциялык банктарга, ошондой эле алмашуу бюролоруна да чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу суммасы боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизген эмес жана кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү маселесин карабайт", - деп жазылат билдирүүдө.

Улуттук банк жарандарды улуттук валюта - сомдун курсуна тиешелүү божомолдорго, ушак кептерге жана башка тастыкталбаган булактардан алынган маалыматтарга көңүл бурбоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
10.03.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рынок деген созду эмне...тишинер отподубу которгонго? Валюта базары деп эле которуу керек. Рыночная экономика дегенде базар экономикасын тушунобуз го?
Же мени аласынарбы ишке, ак ниетимден иштеп берейин...
10.03.2020. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altyn7776,сен жакшы билет экенсин бовойсун
10.03.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776,валюта дегенди да которуп кой, кыйын которот экенсиң.
10.03.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mamatkerim1968, валюта ал жалпы латын созу. Ад которулбаса деле боло берет.
10.03.2020. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мени алгылачы ишке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: