super.kg logo

Италияда абакта жаткандар коронавирустан улам козголоң чыгарышты. 7 киши каза болду

 

Италиянын бардык аймактарындагы абакта жаткандар көтөрүлүшкө чыгышып, анын кесепетинен 7 адам каза болду. Камакта жаткандардын баш аламандык чыгаруусуна коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр себеп болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, абактагыларга жакындары жана достору менен жолугууга тыюу салынгандан кийин түрмөлөрдө баш аламандык чыккан. Көтөрүлүш Италиянын Милан жана Рим шаарларындагы абактарда башталган. Кийинчерээк Салерно, Модена, Неаполь, Фрозиноне, Верчелли, Алессандрия, Фоджадагы аймактарында жайгашкан 27 түрмөдө баш аламандык орун алып, камактагылар качып чыгышкан. Полиция кызматкерлери качкандарды кармоого үлгүрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөр коронавирус эпидемиясына байланыштуу амнистия талап кылышкан.

Абактардагы массалык баш аламандыктан улам 7 адам каза болуп, 18 адам жаракат алды. Өлкөнүн юстиция министри өкмөт абактагылардын шарты талкуулана тургандыгын айтып, тополоң тез арада токтотулушу керектигин билдирген.
10-мартка карата Италияда коронавирус менен 9 миң 172 адам жабыркаса, 463 адам каза болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: