super.kg logo

"Чет өлкөлүктөрдүн акчасына кызыкпоого чакырабыз". "Аялдардын тилектештик маршына" каршы пикирдегилер да митингге келишти

 

Бүгүн, 10-мартта феминисттер кайрадан "Аялдардын тилектештиги" деп аталган жүрүшкө чыгышты. Алар бул жүрүш менен аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы экенин билдиришет.

Бул акцияга "чет өлкөлүктөрдүн акчасына кызыкпоого чакырабыз" деген пикирдеги жарандык активисттер Акылай Кенекеева, Ырысгүл Молдокматова да келишти. "Бүгүнкү жүрүшкө өзүбүздүн каршы пикирибизди билдирели дедик. Кыргыздын илмийген балдары, кыздары тең укуктуулук керек деп чыгышты. Алар кайсы кыйынчылыкты көрүштү? Кимден зомбулук тартышты? Эмне кылып түйшүк тартышты? Алар убактысын кетирип, бул жакка бекер эле келип жатышат. Биз, энелер алардын көтөргөн плакаттарын окуп чыгабыз. Мурдагыдай "жатын-патын, өзүм билем, чай куйбайм" деп жазып алышса, түшүндүрүү иштерин кылабыз. Кыргыздын салты менен жашоого, чет элдиктердин акчасына кызыкпоого чакыралы деп келдик", - дешти алар.

Буга чейин алар 8-мартта "Жеңиш" аянтына маршка чыгышкан болчу. Бирок жүрүш башталар алдында калпак кийип, бет кап тагынган 20 чакты эркек киши келип, плакаттарын тартып алып, өздөрүн таратуу аракетин көрүшкөн. Милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармап кеткен болчу. Коомчулуктун бир бөлүгү алар чектен ашып баратышкан десе, бир бөлүгү биз бардык адамдардын үнүн угууну билишибиз керек деген ача пикирлер жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
10.03.2020. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура айтасыз эжеке!
10.03.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн туура кыласыздар,кийим-кече,бетиндеги суроттордон эле билинет,кимиси жон киши-кимиси лгбт когуштор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: