super.kg logo

Иранда 7 адам коронавирустан коргонуу максатында метил спиртине ууланып каза болду

 

Ирандын Ахваз шаарында 7 адам метил спиртине ууланып, каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маркум жарандар аталган спиртти дүйнөнү дүрбөтүп, көп адамдын өмүрүн алып жаткан коронавирустан коргонуу максатында пайдаланышкан. Буга өлкөдө коронавирус инфекциясынан алкоголь жардам берет экен деген ушактардын тарап кетиши да түрткү болгон. Өндүрүштө колдонулчу спиртти ичүүгө дагы башка кандай себептер болгону так аныктала элек. Иранда алкоголдук ичимдик ичүүгө тыюу салынганы маалым.

"Тилекке каршы, 50гө жакын киши метил спиртин ичип ууланып, ооруканага жеткирилген. 7 киши каза болду. Айрымдары көрбөй калышкан. Алар интернет булактарынан метил спирти коронавирустун алдын алат деген маалыматты окуп, аны иш жүзүндө текшерип көрүүнү чечишкен", - деп Иран мамлекетинин прокуратура өкүлү Мохаммад Агаяри билдирген.

Бүгүнкү күндө Иранда коронавирусту жуктургандар - 7 миң 161 адам, каза болгондор - 237 адамга жетти. Аталган вирус дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө катталганы анык болду.

Маалымат үчүн: Метил спирти - коркунучтуу уу болуп саналат. 10 миллилитр көлөмүндөгү метил спирти оор ууланууга, көбүнесе көрбөй калууга алып келсе, 80-150 миллилитр ичүүдөн адам аман калбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
10.03.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Метил спирти ууда, аны ичкен адам биринчи коруусун жоготот, кийин жинди болуп олот. Метил спирти военный жайларда колдонулат как технический спирт катары.
10.03.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Метил алкоголдук ичимдиги жок,метил спирти бар.
11.03.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны кайдан табышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: