"Дыйкандар үрөндү базар наркынан 30 пайызга арзан баада сатып алса болот" дейт министрлик
Дыйкандар үрөн чарбаларынан сертификацияланган үрөндү базар наркынан 30 пайызга арзан баада сатып алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
“Быйыл үрөнчүлүк тармагына 65 миллион сомдук колдоо көрсөтүлүүдө. Ага ылайык, дыйкандарды үрөн менен камсыздоо 84 пайызга чейин жеткирилишине аракет кылуудабыз. Ошондой эле 2021-жылы Орусиянын Омск, Челябинск облустарына үрөн экспорттоо пландалып жатат”, - дейт ал.
Мындан тышкары Жаныбек Керималиев дыйкандарды үрөн жактан колдоо программасы "Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо" мыйзамынын негизинде ишке ашып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Rakyl12

10.03.2020. 17:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол кайсыл жерден алабыз ошол уронду ошону айткылачы ток этерин?
talaa11

10.03.2020. 22:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунксузго каерде сатылат ошону айтпайсынбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.