Адил Турдукулов: "Укук коргоо кызматкерлери айымдарга кол көтөрбөсүн деген талап менен жөө жүрүшкө чыктык"
Бүгүн, 10-март күнү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында феминисттердин жүрүшү орун алды. Иш-чара саат 12:00гө белгиленген. Бул учурга анын катышуучулары, журналисттер, тартип сакчылар жана акциянын жүрүшүнө каршы көз караштагылар, жарандык активисттер келишти.
Акцияга келген жарандык активисттердин бири Адил Турдукулов буга чейинки жөө жүрүштөгү милиция кызматкерлеринин жоругуна каршы чыкканын билдирди.
"Ар бир адам өзүнүн укугун коргоого милдеттүү. 8-мартта биз аярлуу деген, аздектей турган айымдарды басмырлаган окуу болду. Бул жан кейиткен көрүнүш биздин намысыбызга тийди, мамлекет үчүн уят иш болду. Буга жол берген Ички иштер министрлиги, бейформалдуу уюмдар тынч жүрүшкө чыккан аялдарды ур-тепкиге алганы унутулгус нерсе. Биз буга каршылык көрсөтпөсөк тереңдеп кетет. Мындан улам жөнөкөй жаран катары бул жерге чогулуп, укук коргоо кызматкерлери айымдарга кол көтөрбөсүн деген талап менен чыктык", - деди ал.
Буга чейин алар 8-мартта "Жеңиш" аянтына маршка чыгышкан болчу. Бирок жүрүш башталар алдында калпак кийип, бет кап тагынган 20 чакты эркек киши келип, плакаттарын тартып алып, өздөрүн таратуу аракетин көрүшкөн. Милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармап кеткен болчу. Коомчулуктун бир бөлүгү алар чектен ашып баратышкан десе, бир бөлүгү биз бардык адамдардын үнүн угууну билишибиз керек деген ача пикирлер жаралган.







1 |