super.kg logo
  Саясат  

Бишкек ШИИБи: "Өзбекстандык дипломаттар катышкан жол кырсыгы боюнча Жол-кайгуул кызматынын маалымдамасын күтүп жатабыз"

 
Бишкек ШИИБи Бишкекте өзбекстандык дипломаттар катышкан жол кырсыгы боюнча Жол-кайгуул кызматынын аныктамасын күтүп жатат. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев 26-августта билдирди. "Жол-кайгуул кызматынын маалымдамасын күтүп жатабыз, жол кырсыгына ким күнөөлүү болгонун алар аныкташы керек. Элчиликтин өкүлдөрүнүн дипломатиялык статусу бар, бардык иш мыйзамга таянуу менен жасалышы кажет",- деди ал. Эскерте кетсек, 23-августта Бишкекте Өзбекстандын КРдагы элчилигинин кызматкерлери катышкан жол кырсыгы болуп, дипломаттар окуяга катышкан айдоочулардын бирин сабап салышкан эле. Алардын мас экендиги белгилүү болду.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: