super.kg logo

"Таластагы ооруканага коронавирус менен жабыркаган Түрк жарандары түштү" деген билдирүүнү тараткан 2 аял кармалды (видео)

 

4-март күнү WhatsApp аркылуу "Таластагы Кара-Буура районундагы ооруканага коронавирус менен жабыркаган 2 Түрк жараны келип түштү" деген аудио тараган. Бүгүн, 10-мартта билдирүүнү тараткандар кармалып, алар кечирим сураганын Талас ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

"Аталган факт Талас ШИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, атайын топ териштирүү иштерин баштаган. Текшерүү учурунда жалган маалыматты тараткан делинип эки аял кармалды. Алардын бири Талас шаарынын 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу тургуну, экинчиси Манас районунун Бала-Саруу айылынын 1984-жылы туулган жашоочусу экени аныкталды.

Ал эми коронавирус менен жабыркаган жарандар Кара-Буура райондук ооруканасында деген маалымат такталган жок", - дейт маалымат катчы.

Талас ОИИБи жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат.

Кармалгандар жалган маалыматты тараткандыгы үчүн кечирим сурашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.03.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай мээси жок адамдар.сурак берип жаткыла эми
10.03.2020. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркутуп эле сүйлөтүп жатат окшойт буларды. Үйрөтүп жатат го бер жакта. Ишениш кыйын болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: