super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: Исхак Масалиев казинодон кармалды деген кабар жалган

 

Бир нече күн мурун "желтая прессаларда" Бишкекте жашыруун иштеген казино табылганы, андагы оюнчулардын арасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевдин колго түшкөнү жарыяланган эле. Маалымат айдыңында бул кабар дуу тарагандан кийин Масалиев "мен ал жерде болгон эмесмин" деп билдирүү жасап, маалыматты тараткан басылманы сотко бербей турганын, бирок жарыяланган маалыматка тактоо киргизүү талабын коё турганын айтты. Коомчулукта "эл көзүндөгү адам кантип эле жер төлөдө жашырынып кумар ойносун, катардагы калптын бири го" деген күдүктөнүү турган. Маалымат жалган экенин ИИМ билдирди. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов "Масалиев казинодон кармалды" деген кабар карандай калп. Ал тургай ал күнү эч кандай жашыруун иштеген казинолорду текшерүү болгон да эмес",- деп билдирди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: