super.kg logo

Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү узартылабы? Путин бул тууралуу пикирин билдирди

 

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 10-март күнү Баш мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча Мамдуманын жыйынына келди. Анда депутат Валентина Терешкова Баш мыйзамдан президенттин мөөнөтүнүн саны боюнча чектөө жазылган беренени алып салууну же азыркы президентке бул кызматка кайра шайланып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаган. Жыйындын экинчи бөлүгүндө өлкө президенти Владимир Путин сөз сүйлөп жатып, өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирди.

"Албетте, эгер өзгөртүү 22-апрелде добуш берүүдө бардык жарандар тарабынан жактырылса, болушу мүмкүн. Бирок бир гана шарт менен, эгер Конституциялык сот мындай өзгөрүүнү Баш мыйзамдын жобосуна жана принциптерине каршы келбей турганын расмий билдирсе", - деди Владимир Путин.

Мындайча айтканда, Путин айткандай болсо, анда анын буга чейинки 16 жылдык президенттик мөөнөтү нөлгө кайтат.

Белгилей кетсек, президенттин мөөнөтү 2024-жылы аягына чыгат. Ал эми мындай өзгөртүү Владимир Путинге келерки шайлоого катышууга укук берет.

Владимир Путин Орусиянын президенти кызматына 1999-жылдын 31-декабрында келген. Баш-аягы президент болуп төрт жолу (2000-жылы, 2004-жылы, 2012-жылы, 2018-жылы) шайланган. 2012-жылы президенттик мөөнөт 4 жылдан 6 жылга узартылган. 2008-2012-жылдар аралыгында өкмөт башчылыкты аркалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.03.2020. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Бул сары баш диктаторда кетпес болдуго!!!
11.03.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Migrant-rf,биздин качкын,камалган жана жакынкы келечекте камалчу президенттерибиз сен айткан сары баш диктатордун иштегенинин жарымындай иштесе,кичинекей мамлекетибиз гулдогон олко болуп,сен мигрант болуп кетпейт болчусун..
11.03.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Migrant-rf,бизде да мамлекетти көтөрүп койгон диктатор болсо өмүр бою такта отурса дагы каршы эмес элем
11.03.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Migrant-rf, Путинге каршы сүйлөйм деп өзүн сыяктуу мигранттарга зыяның тийбесин!
10.03.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шайлансын кайрадан.
11.03.2020. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озгочо биздей кичине мамлекетке Путиндей кишинин эле президент болуп турганы жакшы..
11.03.2020. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кабар, болсун президент!
11.03.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Путиндин салмактуу ой жугуртуп иш алып барып жатканы учун бир эле Россияда эмес, Средняя Азияда да абал туруктуу болуп турат. Ближний Восток тому пример. Путин бар болгон учун жер шаарынын жарымы стабильдуулукто жашап жатат.
11.03.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын журоктон баары бир
11.03.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болду эми путин брат атандан калган так эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: