super.kg logo
  Саясат  

Депутат премьер-министрлердин кимдир бирөөлөргө курал-жарак тартуулоосуна тыюу салуу сунушун айтты

 

Кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Курал жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, 1999-жылы кабыл алынган "Курал жөнүндө" мыйзамга 15 жолу өзгөртүү киргизилсе да, азыркы талаптарга ылайык келбейт. "Анткени акыркы 20 жыл аралыгында жарандык куралдарды жүгүртүүгө байланышкан ченемдик укуктук мамилелер кыйла өзгөрүлдү, ошондой эле курал менен ок-дарылардын жаңы түрлөрү пайда болууда", - дейт Орозалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев премьер-министрлердин кимдир бирөөлөргө курал-жарак тартуулоосуна тыюу салуу сунушун айтты. "Курал-жарак тартуулаган мурдагы өкмөт башылары түрмөдө отурат. Эмне премьер-министрдин андан башка жумушу жокпу? Азыр курал сатуу чоң коррупцияга айланып калды", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: