super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жооптук беттешинин жыйынтыктары. "Лейпциг" менен "Аталанта" чейрек финалга жолдомо алды

 

Бүгүн, 11-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары болуп өттү.

Германиянын "Лейпциг" командасы өз үйүндө англиялык "Тоттенхэм" клубун кабыл алды. Беттеш 3:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эки беттештин жыйынтыгы 4:0 болуп, "Лейпциг" командасы турнирдин 1/4 финалына жолдомо алса, былтыркы сезондо Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен "Тоттенхэм" командасы бул турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Лейпциг" - "Тоттенхэм" 3:0;

Голдор: Марсель Забитцер (10, 21-мүнөттө), Эмиль Форсберг (87-мүнөттө).

Испаниянын "Валенсия" клубу өз үйүндө италиялык "Аталанта" клубун кабыл алды. Бул беттеш голдорго бай болуп, 3:4 эсебинде италиялык клубдун жеңиши менен аяктады. Эки беттештин жыйынтыгында жалпы эсеп 4:8 болуп, "Аталанта" клубу мелдештин 1/4 финалына жолдомо алды.

"Валенсия" - "Аталанта" 3:4;

Голдор: Йосип Иличич (3-мүнөттө), Кевин Гамейро (21-мүнөттө), Йосип Иличич (43-мүнөттө), Кевин Гамейро (51-мүнөттө), Ферран Торрес (67-мүнөттө), Йосип Иличич (71, 82-мүнөттө).






Чемпиондор Лигасы. 1/8 финал. "Лейпциг" - "Тоттенхэм"

Чемпиондор Лигасы. 1/8 финал. "Валенсия" - "Аталанта"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.03.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жылы Аякстын жолун Аталанта басат окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: