super.kg logo

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри коронавирус боюнча оюн билдирди

 

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирустун келүүсү тууралуу айтылып жаткан божомолдорго пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Биртанов аталган вирус дүйнө жүзүнүн 115 мамлекетине тараганын айтып, алардын ичинен Казакстан өлкөсү менен тынымсыз катышта болуп келген өлкөлөр дагы бар экенин кошумчалаган.

“Биз азыркы учурда болуп жаткан абалды жакшы түшүнүп турабыз. Баарыбыз сырткы аалам менен байланышты үзүп коюуга мүмкүн эмес экенин да билебиз. Кудай сактасын, бул вирус биздин аймакка келбейт деп да кепилдик бере албайбыз. Баары абалга жараша болот”, - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Ал ошол эле учурда мамлекет тарабынан, министрлик тарабынан коронавирусту таратпоо, анын алдын алуу үчүн көптөгөн иш аракеттер жүрүп жатканын кошумчалаган.

Кечээ, 10-мартта Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн деп билдирген болчу.

Бул тууралуу Елжан Биртанов төмөнкүлөргө токтолгон. "Башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшиндин айтканы статистикалык моделдөө аркылуу жасалган божомол гана", - деп белгилеген ал.






11-16-мартта Казакстанга коронавирус келеби? Илдет тууралуу акыркы жаңылыктар

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
11.03.2020. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Казак туугандардын олтуруп олтуруп талп этип сүйлөгөндөрү жакпады , Кыргыздар тууралу да талп этип сүйлөп коюшкан бир убактарда.
11.03.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Agayu,талп этип эмес, "балп" этип десең)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: